Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Рецессия токтогонун ким биринчи көрдү? Бернанке!


Экономикалык кризистен улам Хорватиянын борбору Загребдеги соода борбору аңгыроодо. 13-февраль 2009-ж.
Экономикалык кризистен улам Хорватиянын борбору Загребдеги соода борбору аңгыроодо. 13-февраль 2009-ж.

Акыркы күндөрү бакубат өлкөлөрдүн экономикага жооптуу адамдары кризистин оор учуру артта калганын жар салышууда. Мунун кээ бир талдоочулар жакшы тилек катары баалашат.

Кошмо Штаттардын Борбордук банкынын төрагасы Бен Бернанке шейшемби күнү Вашингтондо: “Техникалык жактан алганда, рецессия арта калды” деп жарыялады. АКШ экономикасы дүйнөлүк дүң жыйымдын төрттөн бирин берет. Евробримдиктин финансы комиссары Хоакин Алмуния да:”Биз аңдан өттүк деп айта алабыз” деп билдирди.

Россия да кризистин
АКШнын Борбордук банкынын төрагасы Бен Бернанке дале өлкө рессесиядан чыкканына толук ишенбейт.
сазынан бошоно баштаганын финансы министри Алексей Кудрин жарыя кылды: “Үчүнчү кварталда рецессиядан чыга баштайбыз. Буга бүгүн эч кандай күмөн жок.”Англиянын борбордук банкынын башкармасы Мервин Кинг да: "Үчүнчү чейректе өсүү жанданарын көрсөткөн белгилер бар" дейт.

Бернанкенин рецессиядан АКШ чыкты деп айтуусуна августта Кошмо Штаттарда чекене сооданын 2, 7 процентке өсүшү негиз болду. Бул кийинки 3, 5 жылдагы эң чоң көрсөткүч. Мындан алдың өнөр жай өндүрүшү жана турак жай курулушу жакшыра баштаганы маалымдалган.

Чекене соодадагы өсүү - америкалыктардын күнүмдүк тириликке өтө зарыл нан, кант, май, эт, сүттөн башка да товарларды коркпостон ала баштаганын күбөлөйт.

Европаны алсак, Германия жана Францияда экономикалык рецессия Япониядай эле жылдын экинчи чейрегинде токтогон. Евробиримдик эми үчүнчү токсондо рецессиядан чыгабыз деген ишенимде. Россияда июнь-июль айлары экономика өскөн. Бирок быйыл Россиянын экономикасы мурда күтүлгөндөн 0,7 процентке көп төмөндөйт. Же ички дүң жыйым 8, 5 процентке кыскарат. Ушундан улам премьер-министрдин 1-орун басары Игорь Шувалов 16-сентябрда Мамдумада оптимистүү, бирок этият прогноз жасады:

Россия премер-министринин 1-орун басары Игорь Шувалов экономикалык кырдаал дагы насарлашы мүмкүн деп этият.
- Кризистин курч фазасы же эс оодарчу стадиясы ырас эле артта калды. Жок деп айта албайбыз: абал бир аз начарлашы мүмкүн. Бирок биз кризистин курч фазасынан чыгып, калыбына келүү мезгилине өтүүдөбүз.

Мындай оптимисттик маанайга Лондондогу атактуу Chatan House борборунун эларалык экономика боюнча улук талдоочусу Ванеса Росси кошула бербейт. Экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн дөө-шаалары чындыкты эмес, илгери үмүтүн айтып, элди жубантууда. Оң жылыштар жылдын экинчи жарымында болот, дейт Росси айым:

- Биз жылдын экинчи жарымында чындап эле экономика жакшырат деп ишенебиз. Ошон үчүн алар улам ишенимдүү билдирүүлөрдү жасашууда.

Экономикадагы кырдаал оңолгону менен, Росси айымдын айтышынча, керектөө кризиске чейинки деңгээлге жеткенче дагы убакыт керек:

- Бир аз өсүш болгон учурда да, биз керектөөнүн бир нече ай мурда жетчү деңгээлге чыгарыбыз чындык. Биз керектөөнүн кризиске чейинки деңгээлине али жетпейбиз.

АКШнын Борбордук банкынын боолгошунча, быйыл өлкөдөгү жумушсуздук 10 процентке барат. Азыр АКШда 15 миллиондой адам жумушсуз. Ал эми 25 өлкөнү кошкон Евробиримдикте июлда 17, 4 миллион адам жумушсуз эле. Бул эмгеке жарамдуу калктын 8 проценти. Жумушсуздук экономикалык өсүүгө жолтоо болору эзелтен маалым.

XS
SM
MD
LG