Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Ооганстанда саясий араздашуу күч алды


Ооганстандагы президенттик шайлоого катышкан беш талапкер добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришти. Кабул, 25-август, 2009-ж.
Ооганстандагы президенттик шайлоого катышкан беш талапкер добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришти. Кабул, 25-август, 2009-ж.

Шаршембиде Ооганстанда президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жарыяланып, өткөн айдан бери өлкөнү тушаган саясий кризис дагы тереңдей түштү.

16-сентябрда Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясы алгачкы жыйынтыктарга таянып, Хамид Карзай өткөн айдагы президенттик ат салышууда жеңгенин жарыялады. Расмий маалыматка караганда, 20-августтагы шайлоодо азыркы президент Карзай добуштардын 54,6%ын чогултуп, башка атаандаштарын биринчи айлампада эле жеңди. Анын негизги атаандашы, Ооганстандын мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла 28%га жакын добуш топтогону маалымдалды. Бул жыйынтыктар шайлоонун калыстыгын тескеген экинчи бир уюм жактырмайынча бекитилбейт, ал уюм шайлоо түйүндөрүнүн 10%дайында добуштарды кайра эсептеп чыгууга үндөгөн.

Ооганстандагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн Евробиримдиктин атайын миссиясы добуштар бурмаланып, жыйынтыктар ар кандай жолдор менен оңдолуп-түзөлгөнүн билдирген эле. “Эркин Ооганстан” радиосуна берген интервьюсунда Европалык миссия башчысы Филипп Мориллон ооган өкмөтү андагы мыйзам бузууларды иликтеши керек деп белгиледи.

- Биз массалык көз боемочулукту ооздуктоого аракет кылдык, колубуздан келбеди. Азыр эми добуштарды бурмалоо кең-кесири болгонун ачык айтып жатабыз, соңку жыйынтык чыгарылганча бул иштер дыкат иликтениши керек.

Шайлоодон бери Батышка каршы маанайды козутуп, алар Ооганстандын ички иштерине кийлигишип атат деп улам бир билдирүү тараткан Хамид Карзайдын өкмөтү Европалык байкоочулардын бул чакырыгын да жоопсуз калтырган жок. Кабулдагы маалымат жыйынында өлкөнүн маалымат жана маданият министри Абдул Карим Хуррам аны Ооганстандын конституциясына каршы, жоопкерчиликсиз, адилетсиз билдирүү деп ачууланды. “Мындай кысым көрсөтүүнүн бирден бир максаты – өз алдынча иш алып баралбаган алсыз, көз каранды өкмөткө ээ болуу”, - деп жашыруун сырды ачат ооган министри.

Карзайдын жардамчылары атүгүл Батыш өлкөлөрү жаңы шайланган ооган жетекчисинин бийлигин талашып, алар Карзай, же башкасы утса да, өзүлөрүнө баш ийген системаны таңуулап атат деп айыптап чыгышты. Маалымат жана маданият министри Хуррам май айында Хамид Карзай АКШга барганда, ага өкмөттүн ишин көзөмөлдөй турган башкаруучулар кеңешин түзүү сунушталып, коопсуздук жана экономика өңдүү маанилүү министрликтерге айрым бир адамдардын ысымдары аталганын маалымдады.

Ооганстандын ички ишине Батыштын кийлигишкени кечээ жакында пайда болгон жок, ал көптөн бери келаткан көрүнүш, бирок Кабулдун азыркы кожоюндары ага каршылык көрсөтүү ниетинде, - деп басым жасады министр Хуррам. 20-августтан бери ушундай анти-батышчыл билдирүүлөр менен алек болуп келаткан Хамид Карзайдын тарапкерлерине азырынча чет мамлекеттер тарабынан расмий комментарий жарыяланган жок.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG