Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

МПБнын башкы дарыгери кызматтан четтетилди


Боюнда бар аялдарга медициналык жардам көрсөтүүчү борбордун башкы дарыгери Э. Исаков менен дарылоо боюнча анын орун басары Е. Шилов “кош бойлуу аялдарды текшерүүдө кетирген каталыгы жана ай-күнүнө жеткен төрт эненин өлүмгө учурашына жол бергендиги үчүн” ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечим ушул окуя боюнча түзүлгөн республикалык штабдын кечээги отрумунда кабыл алынды. Ошондой эле бир катар дарыгерлерге жана жооптуу кызматкерлерге сөгүш берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG