Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

Кошумча аскер жиберүү маселеси чечиле элек


Ооганстанга кошумча аскер жиберүү тууралуу чечим чукул арада кабыл алынбайт. Бул тууралуу АКШнын президенти Барак Обама билдирди. 15-сентябрда президенттин башкы аскер кеңешчиси, адмирал Майк Маллен Сенатта сүйлөгөн сөзүндө, талиптер менен эффективдүү күрөшүү үчүн Ооганстанга кошумча аскер жиберилиши керектигин айткан. Буга чейин Обама ушул жылдын этегине чейин Ооганстанга 21 миң жоокер жиберүүнү буйруган. Ошону менен Ооганстандагы америкалык жоокерлердин саны 68 миң болмокчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG