Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

ВИЧ инфекциясына кабылгандарга оор болууда


ЖК депутаты Гүлнара Дербишева эки жыл мурун Ноокатта дарыгерлердин күнөөсү менен СПИД илдетин жуктуруп алгандарга төлөнүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуш кылды. Анын айтуусунда коркунучтуу илдетке аргасыздан туш болгондор коомдогу ордун жоготуп, элден бөлүнүп калышкан. Депутат айым буларга атайын бир макам берип, ага ылайык социалдык жактан жеңилдиктерди берүү маселесин карап чыгууну парламенттеги өкмөттүн өкүлүнө тапшырды.

2007-жылы Ноокат райондук ооруканасында дарыгерлердин калпыстыгы менен бир катар энелерге жана балдарга СПИД илдети жугуп калган. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, дарыгерлер жоопко тартылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG