Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

“Курал тууралуу” мыйзам парламенттин колдоосун тапты


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жалпы отурумунда “Курал жөнүндөгү” мыйзамга кошумча жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорун талкуулап, биринчи окуудан колдоп, өткөрүп берди. Ага ылайык мындан ары куралды сыйлыкка берүү азайтылат, ал эми мындай куралдарды көзөмөлдөө күчөтүлөт.

"Коммунисттер" фракциясы бул мыйзам долбоорун 1-окуудан өткөрүү сунушун бергени үчүн ЖК төрагасына эскертүү берди.

Ушул мезгилге чейин сыйлыкка 1258 курал берилген. Жаңы мыйзамга ылайык алар ар бир беш жылда атылып, текшерилип турууга тийиш. Ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаевдин депутаттарга маалымдаганы боюнча сыйлыкка берилген курал менен быйылкы жылы үч ирет кылмыш жасалганы аныкталган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG