Кадамжай районунун Марказ айлынын 23 жаштагы тургуну кутурма оорусунан каза тапканын санитардык-эпидемиологиялык жактан көзөмөлдөө департаментинин Баткен облустук бөлүмүнөн “Азаттыкка” маалымдашкан. Жергиликтүү кабарчыбыздын аталган департамент бөлүмүнө таянып билдиргени боюнча кутурма диагнозу коюлган жигит 11-сентябрда ооруканага алынып келинген, үч күндөн кийин каза болгон. Анын туугандарын жана жакындарын иликтөө мезгилинде аларга кутурма илдети жукпагандыгы аныкталган, учурда оорунун кандайча жугуп калганы иликтенүүдө.(ZKo)