Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Балыкчы окуясы боюнча сот иши уланууда


Балыкчы шаардык сотунда 23-июлдагы окуя боюнча соттук териштирүү улантыла баштады. Кечээки соттук териштирүүдө айыпталып жаткандар суралып баштаган, бул жараян бүгүнкү соттук териштирүүдө да уланууда. Жергиликтүү кабарчыбыздын маалыматы боюнча Балыкчыдагы соттук жараянга БЭКтин айрым лидерлери адвокат жана коомдук коргоочу катары катышууда.

23-июлда президенттик шайлоодо орун алган мыйзамсыздыктарга нааразылыгын билдирип, Балыкчы мамлекеттик администрациясына келген жерден 23 кишини милиция камакка алган. Алардын ичинен 14 кишиге президенттик шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш-аламандык уюштурган деген айыптар тагылып, кылмыш иши козголгон. Оппозициялык кыймыл муну бийлик тарабынан атайын жасалган саясий куугунтук деп белгилешүүдө.

23-июлдагы президенттик шайлоону ЕККУнун байкоочулар миссиясы жана эл аралык ЕНЕМО байкоочу уюму одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG