Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

Кызылчанын баасы чыгымды актабайт


Жуманын башында Кеминдеги бир катар дыйкандар Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиевге кайрылуу кылышты. Бул туурасында дыйкандар менен иш алып барган Лира Термечикова “Азаттыкка” кабарлады. “Учурда Кеминдеги кызылча кабыл алуу бөлүмү иштен чыгып, чийки затты Токмок же Кайыңдыдагы бөлүмдөргө ташуу зарыл. Бирок дыйкандардын казып, ташууга кеткен чыгымы кирешеден ашып кеткендиктен кызылчаны кабыл алуу баасын жогорулатууну өтүнүп жатышат”, - дейт Л. Термечикова. Кайрылууга ылайык, министр И. Айдаралиев кызылчаны жеринде кабыл алуу иштерине жардам берилиши мүмкүн деп билдирген. Бирок кызылчаны кабыл алуу баасы 2 сом 20 тыйындан көтөрүлбөй жатат. "Мындай абал кийинки жылы кызылчанын такыр эле айдалбай калышын шарттайт",- дешет нааразыланган жергиликтүү дыйкандар "Азаттыкка" берген маеги учурунда. (JJ)

XS
SM
MD
LG