Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:21

Кыргызстан Евробиримдик менен кызматташтыгын арттырат


КР тышкы иштер министри Кубанычбек Сарбаев Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча Жогорку өкүлү Хавьер Солана менен Брюсселде жолугушту. Анда тараптар кызматташууну мындан ары арттырууну макулдашты, мындан тышкары Евробиримдиктин Борбор Азия стратегиясы тууралуу пикир алышты. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Ооганстандагы кырдаал, Борбор Азия аймагындагы коопсуздук маселелери да талкууланды. Евробиримдиктин өкүлү Хавьер Солана Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга жана эл аралык коопсуздукту камсыздоого кошуп жаткан Кыргызстандын салымын жогору баалады. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG