Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Кыргызстанда энелердин өлүмү көбөйдү


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Абдыманап Муратовдун билдиришинче, үстүбүздөгү жылдын сегиз ай аралыгында эле эне өлүмүнүн элүү сегиз фактысы катталган. Ал эми 2008-жылы бул көрсөткүч бир жыл ичинде кырк сегизге жеткен. “Ош облусунда кырдаал курч. Себеби 2009-жылдын алты айында эле төрөт учурунда 17 эне көз жумган. Андыктан ушул айдын аягына дейре Ошто энелердин өлүмүнүн себептерин иликтеген республикалык деңгээлдеги штаб түзөлү деп жатабыз”, - дейт Абдыманап Муратов. Ал эми тез жардам көргөзүү башкармалыгынын жетекчиси Динара Сагынбаева, энелердин өлүмүнүн айланасындагы кырдаалга баа берип жатып, көп учурда боюнда бар айымдар өздөрүнүн ден соолугуна көңүл кош мамиле кылгандыктан, доктурлардын каттосуна алдын ала турушпайт деди. “Мунун кесепети өкүнүчтүү болгонун баарыбыз көрүп жататбыз. Ар бир доктур ар бир төрөп жаткан эне үчүн жоопкер болгонуна карабастан, биз бир беткей доктурларды эле күнөөлөгөнүбүз туура эмес”, - дейт Д. Сагынбаева. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG