Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Төрөттөн өлгөн аялдардын туугандары врачтарды сотко беришти


Бул тууралуу КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Абдыманап Муратов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда саламаттыкты сактоо министрлиги төрт аялдын өлүмү үчүн дарыгерлерге административдик чара гана колдонууга укуктуу. Ал эми аларды врачтык кесибинен ажыратуу же дагы башка жазаларга тартуу соттун иши. Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча бул ишти прокуратура иликтеши мүмкүн.

Мурда кабарлангандай июль-август айларында Бишкектеги №4 перинаталдык борбордо төрт аял төрөттөн каза табышкан. Буга байланыштуу атайын комиссия түзүп, иликтөөгө алган саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйүнүн башкы дарыгери Э. Исаков менен анын орун басары Е. Шиловду кызматынан четтеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG