Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Сахалин жана Курилдеги мигранттардын жарымы - кыргыздар


Бул тууралуу Сахалин облусунун Ички иштер башкармалыгынын төрага орун басары, полковник Владимир Сизов бүгүн брифингде билдиргенин «Сахалин Курилы» маалымат агенттиги жазып чыкты. Сизовдун билдирүүсүндө мигранттардын саны боюнча аралга Кыргызстандан кийин эле Өзбекстандан, Тажикистандан мигрант-гастарбайтерлер көп агылып келет. Керектүү адистиктерге ээ болбогондуктан жана көпчүлүгү мыйзамсыз келип алгандыктан, мигранттардын баары эле жумуш орундарын таап кете алышпайт. Мындан улам ишсиз калган мигранттар көпчүлүк убакта кылмыш иштерине барышат деген орус полковниги бул маселе баюнча октябрда Бишкекте кыргыз ИИМ өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурууларын да кабарлап кеткен. Алдын ала маалыматтарга ылайык бул жолугушууга Орусиянын миграция боюнча федералдык кызматынан да өкүлдөр катышмакчы. (EK)

XS
SM
MD
LG