Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

КР аба мейкиндигинде тартип жок


Жыл башынан берки сегиз айдын ичинде учактардын техникалык абалына байланыштуу он беш окуя болгон. 3-февралда Ми-8 үлгүсүндөгү учак диспетчерлер менен байланышпай туруп, Нарынга учуп кеткен. Бишкек-Дели каттамындагы Ил-18 учагынын бир кыймылдаткычы иштен чыгып, үч кыймылдаткыч менен учуп келип, конгон. "Трансавиасервис" компаниясынын учагы Грузиядан Кыргызстандын аба мейкиндигин эч кандай уруксаты жок бузуп кирип, ээн-эркин учуп, "Манас" аэропортуна конгон. Стамбул-Бишкек каттамындагы Ту-154 үлгүсүндөгү учак абага көтөрүлөрдүн алдында техникалык мүчүлүштүгү аныкталып, учуудан алынган. Мындан башка дагы бир катар окуяларды атады КР жарандык департаменинин башчысы Александр Настаев. Бул тууралуу бүгүн аба коопсуздугун камсыздоого арналып уюштурган жыйында айтылды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG