Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:01

Москвада кыргыз жаранын өлтүргөн такырбаштар соттолот


22-сентябрда Москва шаардык сотунда он бир улутчулдун иши тууралуу өкүм чыгарылат. Мамлекеттик айыптоочу аларга үч жарым жылдан он жылга чейин эркинен ажыратууну суранып жатат. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыккан. Ал эми такырбаштар тобунун уюштуруучулары Евгений Жихарев менен Илья Шуткого мамлекеттик айыптоочу тогуз жана он жыл эркинен ажыратууну сураган. Айыпталуучулар 2008-жылдын 12-февралынан 7-мартына чейин эле Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын 3 жаранын өлтүрүшкөн. Алардын ичинен 1-февралда кыргызстандык Ашировго кол салып, И.Шутко ага сегиз жерине бычак сайган. Кыргыз жараны ооруканада көз жумган. (KE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG