Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

“Мекен чеги-2009” деп аталган эл аралык иш-чара өтүп жатат


Бул тууралуу КР чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда иш-чара КМШга мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын чек арачылары менен бирдикте күч түзүмдөрү, бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүүдө. Иш-чаранын максаты –өз ара макулдашылган белгилүү бир багытта же бир тилкеде тутумдуу долбоор менен мамлекеттик чек араны кайтарууга даярдык болуп эсептелет. Мындан тышкары Борбор Азиянын чек ара коопсуздугуна келтирилген коркунучту жоюу аракеттери, деп белгиледи Чолпонбек Турусбеков.

“Мекен чеги-2009” деп аталган иш-чаранын 1-этабы 10-сентябрдан 16-сентябрга чейин өткөрүлгөн. Учурда экинчи этабы өтүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG