Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:49

Үрүмчүдө ийне сайуулар үчүн төрт уйгур соттолду


Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунун борборунун соту бүгүнкү чечими менен уйгур улутундагы төрт эркекти кытай улутундагы аялды жер алдындагы өткөөлдөн ийне менен моюнга сайганы үчүн 8 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кести. Соттолгондор коюлган айыптарды четке кагышты жана аппеляциялык арыз жолдорун билдиришти. Ийне менен кол салуунун бир нече фактысы Үрүмчүдө өткөн айдын башында каталып, кытайлар менен уйгурлардын мамилесиндеги чыңалууну күчөткөн эле. Анын алдында июлда Үрүмчүдө орун алган улут аралык тополоңдон эки жүзгө жакын адамдын өмүрү кыйылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG