Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

АКШ Европадагы ракетадан коргоонуу планынан баш тартууда


Вашингтон ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Чехиянын аймагында жайгаштыруу планынан баш тартып жаткандыгы тууралуу бүгүн Прагадагы басма сөз жыйынында Чехиянын премьер-министри Ян Фишер билдирди. Анын айтымында, президент Барак Обама бул тууралуу чех тарапка түндө кабарлаган:

- Бүгүн түн ортосунан бир аз өткөндөн кийин АКШ президенти Барак Обама анын өкмөтү Чех республикасынын аймагында ракетага каршы радар системасын куруу ниетинен баш тарткандыгын кабарлоо үчүн мага телефон чалды.

Мунун алдында америкалык “Wall Street Journal” басылмасы АКШнын жогорудагы планы Иран узак аралыкка учуучу ракеталарын мурда эсептелгенден жай өркүндөткөндүгүнө байланыштуу кийинкиге калтырылгандыгын жазып чыккан эле.

АКШнын Чехияда радарын ал эми коңшу Польшада ракета кармоочу жабдууларын жайгаштыруу планына Орусия кескин каршы чыккан.

Польшанын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Варшава Вашингтондун соңку чечиминен кабардар экенин, бирок АКШ администрациясынын расмий жарыясын күтөөрүн билдирди. АКШ коргоо министри Роберт Гейтс бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 8:30да маалымат жыйынын өткөрөрү күтүлүүдө.

Жогорудагы кадам Чыгыш Европада АКШнын Орусия менен алакасын жакшыртуу аракети анын аймактагы өнөктөштөрүнүн эсебинен жасалабы деген тынчыздануулар айтылып жаткан учурга туш келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG