Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Нарын облустук кан борбору канга муктаж


Аталган борбордун директору Айнура Сманбаеванын айтымында, облус боюнча талапка ылайык бир жылга 500 литр кан керек болсо, ал бүгүнкү күндө 200 литрди түзүп турат. Башкача айтканда борбордо 30 адам үчүн кандын ордуна учурда 10 кишиге жетүүчү кан бар. Кан борбору Нарын облустук биргелешкен оорукана менен Ат-Башы райондук ооруканасын тейлейт. Облус боюнча 143 ардактуу донор бар экенине карабай өз эрки менен кан тапшыргандар аз. Ал эми келгендердин басымдуу бөлүгү өздөрү ар кандай оорулар менен жабыркашат. Кокустук болуп кетсе борбордо кан жетиштүү болбой калышы ыктымал дейт А. Сманбаева. Алынган кандар бир ай гана сакталгандыктан кан тапшыруу ар ай сайын жүрүп туруусу зарыл. (JI)

XS
SM
MD
LG