Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Айыл чарба министри Нарын облусун кыдырууда


Министр Искендербек Айдаралиев менен болгон жолугушууда Нарын районунун Миң-Булак, Чет-Нура, Дөбөлү айыл округ башчылары Он-Арча насостук станциясындагы суунун көлөмүнүн аздыгынан жана каналдардын кайра калыбына келтирилбегендигинен айдоо аянттар азайып бара жаткандыгын белгилешти. Маселен Дөбөлү айыл округундагы Алыш каналын жөнгө салууга 4,5 миллион сом каралып, болгону 300 миң сом которулган. Комбайндардын жетишпегендигинен эгин оруу толук чабылбай калуу коркунучу да кеп болду. Райондук айыл чарба департаментинин жетекчиси Замир Кемелбеков райондо 4 миң гектар жер пайдаланбай калгандыгын, аймактагы 98 комбайндын 72си иштей тургандыгын билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG