Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Президентти өмүр бою калтыруу демилгесин көтөргөн казак жаранына “белек” жөнөтүлдү


Оппозициядагы “Азат” партиясынын активисттери бүгүн мындай демилгени соңку ирээт көтөргөн профессор Закратдин Байдосовго казак Конституциясынын чынжырга оролгон үлгүсүн жөнөтүштү. “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун Алматыдагы кабарчыларынын билдиргенине караганда, алар ошондой эле мындай идеяга нааразы жарандардын колу коюлган катты президенттин “Нур –Отан” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Дархан Калетаевге жолдошту. Ал ушул апта башында “Нур – Отан” партиясы өлкө лидеринин маккамын аныктоо боюнча долбоорду сунуш кыларын айткан эле. Калетаевдин сөздөрүнө караганда, мыйзам Нурсултан Назарбаевди президенттик кызматта өмүр боюу калтыруу маселесин камтуусу мүмкүн. Казакстанда “Улуттук лидер” жөнүндөгү мыйзам кабыл алынусу керектигин кечээ Сенаттын төрага орун басары Александр Сайдин да айтып чыкты.

Буга чейин казак парламенти Конституцияга 2007-жылы киргизген өзгөртүүгө ылайык, президенттин кызматта туруу мөөнөтү беш жылдан жети жылга узартылган жана бир адамдын мамлекет башчылыгында эки гана мөөнөткө туруусун чектеген норма жоюлган. Нурсултан Назарбаедин азыркы кызмат мөөнөтү 2012 –жылы аяктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG