Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

К. Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралат


Социал-демократиялык партиянын парламенттеги мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия ишин аяктады. Бул тууралуу бүгүн комиссиянын төрагасы Хаджимурат Коркмазов парламенттин отурумунда маалымдап, бүгүнкү отурумдун күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Көпчүлүк депутаттар анын сунушун колдоого алышты.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго Башкы прокуратура тарабынан 23-июлда Балыкчыдагы баш-аламандыкты уюштуруучу катары айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Оппозициялык бириккен кыймыл Балыкчыда баш-аламандыктардын чыгышына добуш берүү учурундагы мыйзамсыздыктарга жол берген жергиликтүү бийликти күнөөлөп, депутат Кубанычбек Кадыровдун айыпталышын саясий куугунтук катары баалашууда.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп, ЕККУнун жана демократиянын стандарттарына туура келбеген мүнөздө өткөндүгүн ЕККУнун байкоочулар миссиясы жана Европадагы эл аралык байкоочулардын ЕНЕМО биримдигинин Кыргызстандагы добуш берүүгө көзөмөл кылган мүчөлөрү да маалымдашкан.(ZKo)




XS
SM
MD
LG