Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Р. Отунбаева Башкы прокуратуранын өзүн сындады


Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева өзүнүн фракциялашы Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселеси парламент тарабынан өтө тездик менен каралып, чечилип жатканына, депутат К. Кадыровдун өзү отурумга катышпай, ооруп жатканы да эске алынбаганына нааразылыгын билдирди. Депутат айым Башкы прокуратура тарабынан берилген маалыматтарга ишенүүгө болбостугун белгилеп, башкы көзөмөл органы тарабынан берилген маалыматтар Балыкчы окуясына байланыштуу камакка алынган кишилердин айрымдарын уруп-сабоо жолу менен алынганын айтып кетти.

Мындай дооматты Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жокко чыгарды. Анын журналисттерге билдиргени боюнча башкы көзөмөл органы депутаттын үстүнөн кылмыш ишин козгоо чечимин Балыкчы окуясы тууралуу иш менен толук таанышкандан кийин кабыл алган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG