Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Депутаттар саламаттыкты сактоо тармагын иликтейт


Төрөт үйлөрүндө энелердин өлүмү көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо тармагын иликтөөчү убактылуу комиссия түздү. Комиссиянын катарына депутаттар Бүмайрам Мамасеитова, Динара Молодошева, Зулхабира Бекенова, Ажибай Калмаматов, Дамира Ниязалиева, Зиядин Жамалдинов жана Гулнара Дербишов кирген. Д.Молдошева парламенттин жыйынында бул абалда өлкөдөгү өзгөчө кырдаал деп мүнөздөдү.
Мурда кабарлангандай июль-август айларында Бишкектеги №4 перинаталдык борбордо төрт аял төрөттөн каза табышкан. Буга байланыштуу атайын комиссия түзүп, иликтөөгө алган саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйүнүн башкы дарыгери Э. Исаков менен анын орун басары Е. Шиловду кызматынан четтеткен. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG