Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

К.Бакиев калкты Орозо айт менен куттуктады


Президенттин куттуктоосунда “Бул майрам кубанычтын, жан-дүйнөнүн тазарышынын жана руханий шайкештиктин майрамы. Орозо кармоо менен өзүн сыноо артта калып, дин менен эркибизди бекемдеген биз бүгүнкү жаркын майрамды – ыймандык жактан жетилүүнүн, жакшылыкка жана абийирдүүлүккө умтулуунун, руханий биримдиктин майрамын кубануу менен тосуп жатабыз”, - деп жазылат. Президент Кыргызстандын мусулмандары кылымдар бою башка диндердин өкүлдөрү менен тынчтыкта жана ынтымакта жашап келгенин, дайыма башка диний ишенимдерге көтөрүмдүү болушуп, тынчтыкка умтулушуп, жакындары үчүн кам көрүп келишкенин белгилеген. Ошондой эле эл ичиндеги тынчтыктын, улуттар аралык жана диндер аралык ынтымактын сакталышына өбөлгө боло берет деп ишенерин айткан. Кыргызстанда Орозо айт 20-сентябрда белгиленет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG