Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

“Боинг-737” учагынын кыйрашы боюнча сот жүрүп жатат


Бүгүнкү соттук жараянда өткөн жылкы кыйроодо каза тапкан казакстандык Евгения Линин атасы жабырлануучу катары көрсөтмө берип, учууда жүргүнчүлөрдү камсыздандыруучу компаниялар жабырлануучулар менен жолугушуудан качып жатышкандыгын маалымдады. Андан кийин сот “Боинг-737” учагынын узатуучусу Елена Кугушеванын көрсөтмөсүн укту. Өткөн жылкы кыйроодо Е. Кугушева өзү да жабыркаган. Омурткасы сынып, дем алуу органдары күйүп калганына карабастан, ал бул окуя боюнча айыпталып жаткан Юрий Гончаровго доосу жоктугун сотто билдирди. Е. Кугушева Ю. Гончаровду адис учкуч катары бааларын айтып, аны менен учуу ишеничтүү деп билдирди.

Белгилүү болгондой өткөн жылы 24-августта Бишкекке жакын жерде Бишкек-Тегеран каттамындагы «Боинг-737» учагы кыйроого учурап, андан 65 адам каза болгон. Учактын экипажы аман калган. Алгачкы иликтөөлөр учак техникалык жактан оң болгон, күнөө экипаждын мүчөлөрүндө деген корутунду чыгарып, учкучтар Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагиндин үстүнөн «Кыймыл коопсуздугунун жана аба транспортун пайдалануунун эрежелерин бузгандыгы үчүн» деген айып менен кылмыш иши козголгон.
Биринчи Май райондук соту ишти бир айдан бери карап жатат. Кийинки сот жараяны 23-сентябрда уланат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG