Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Башкы прокуратура энелердин өлүмү боюнча иш козгоду


Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Бишкектеги №4 перинаталдык борбордо төрт аялдын төрөттөн каза болгонуна байланыштуу төрт кылмыш иши козголду. Аталган кылмыш иши дарыгерлерге карата КР кылмыш жаза кодексинин 119-беренеси боюнча “Кесиптик милдетин тиешелүү деңгээлде аткарган эмес” деген айып тагылууда.

Мындан тышкары Башкы прокурор Бишкек шаарындагы жана Ош облусундагы төрөт үйлөрүндө каза болушкан 58 аялдын ишин иликтөө алуу милдетин жергиликтүү прокуратура жетекчилерине тапшырды.

Кабарларда айтылгандай, июль-август айларында Бишкектеги №4 төрөт үйүндө төрт аял каза тапкан. Буга байланыштуу атайын иликтөө жүргүзгөн саламаттыкты сактоо министрлиги оорукананын башкы дарыгери Э. Исаев менен Е. Шиловду кызматтан алган. Ал эми каза тапкан келиндердин туугандары дарыгерлерди жоопко тартуу өтүнүчү менен прокуратурага кайрылышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG