Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Москва Вашингтондун чечимин кубаттады


Орус премьер-министри Владимир Путин АКШнын ракетадан коргонуу системасын Чыгыш Европада орнотуу планынан баш тартышын позитивдүү чечим катары баалады. Анын алдында президент Дмитрий Медведев Вашингтондун кадамын кубаттап, Обама администрациясы “жоопкерчиликтүү” чечим кабыл алды деген. Кечээ Ак Үй Иран туудурган коркунуч кайра анализделип чыккандан кийин ракетадан коргонуу долбооруна өзгөртүүлөр киргизилээрин жарыялаган. Буш администрациясынын сунушу боюнча Чехияга антиракеталык радар, Польшага болсо 10 ракетакармагыч жайгаштырылмак. Кремль бул долбоорго каршы болуп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG