Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

К.Кадыров тергөө иштерине тоскоолдук кылган эмес


Социал-демократтар партиясынын лидери А.Атамбаевдин айтымында, ЖК депутаты К.Кадыров тергөө иштерине тоскоолдук кылбай, тергөөчү чакырганда дайыма барып турган. “Балыкчы ишинде коюлган дооматтан күбөлөр тарабынан да эч бир далил таппай жатат. Бийлик К.Кадыровду камап, зордоп элди коркутайын деген максатты көздөөдө. Бул бир гана коркутууга багытталган нерсе”, - деди А.Атамбаев “Азаттыкка” берген маегинде. Оппозиция 21-сентябрь күнү К.Кадыровго байланыштуу саясий бюронун чукул жыйынын чакырды. Бүгүн Жогорку Кеңеш СДПК фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду кол тийбестиктен ажыратып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Башкы прокуратуранын сунушуна макулдук берди. Башкы прокуратура К. Кадыровду 23-июлда Балыкчыда болгон баш-аламандыкты уюштуруучу катары айыптоодо. (KE)

XS
SM
MD
LG