Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Бак-дарактарды кыйган айыл өкмөткө каршы кылмыш иш козголду


Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин иши изилденип жатканын билдирди. Жалал-Абат облустук прокуратурасы «Бак-дарактар менен бадалдарды мыйзамсыз кыйгандыгы үчүн» деген берене менен аталган айыл өкмөтүнө каршы кылмыш ишин ачты. Айыл өкмөт Чокмор айылындагы паркта тыт жана алча дарактарын облустагы айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын уруксаты жок кыюу менен табиятка 112 миң сомго жакын зыян келтиргени үчүн айыпталууда. Бакты ижарага иштеткен Ашым Төрөбеков карыя бак өстүргөн 30 жылдык эмгеги текке кеткенин айтты. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы дарактар айыл жана райондук кеңештин чечимине ылайык кыйылганын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG