Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Ооганстанга кошумча күч: ким каршы да, ким макул?


АКШда Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүү маселеси боюнча кызуу талкуулар жүрчүдөй болуп турат.

АКШ президенти Барак Обаманын ушул аптадагы билдирүүсүнө караганда, ал Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүү маселеси боюнча чечим кабыл алууга ашыкпайт.

Президенттин кызматына быйыл январда киришкенде, Барак Обама Ооганстанга кошумча 17 миң жоокер жөнөтүүнү буюруган. Анын менен ноябрь айына карата ал жердеги америкалык аскерлер саны 68 миңге жетмекчи.

Бирок АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн азыркы командачысы генерал Стэнли МакКристал дагы кошумча күч сурары күтүлүп жатат. Барак Обама ушул шаршембиде Ак үйдө Ооганстандан аскерлерин эки жылдын аралыгында алып кетерин жакында жарыялаган Канаданын премьер- министри Кевин Харпер менен кездешти.

Ошол жолугушуудан кийинки сөзүндө ал канча аскер керек экендигин аныктоо иши бир нече айга пландалганын жана бул жараян генерал МакКристал кырдаалды жеринде жаңыдан баалоосунун негизинде эми гана баштала аларын белгилөө менен төмөнкүлөргө токтолду:
-Ресурстар боюнча чечим тез болбойт. Себеби адегенде стратегияны туура түшүнүп, андан соң гана ресурстар боюнча чечимге келүү керек. Стратегияда толук айкындыкка жетишпей туруп, жаш жигиттер менен кыздарды согуш талаасына жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алалбайсың. Менин чечимим мына ушуну туура түшүнүүдө турат. Бул АКШ өкмөтүнүн ичинде эле эмес, биздин НАТОдогу өнөктөштүрбүз менен да кеңири консультацияларды өткөрүү дегенди билдирет. Бул чечимдерди кабыл алууда мен өтө кылдат болом.

Балким президент Обама азырынча өз картасын ачыктабай жатат. Бирок АКШ куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, адмирал Майк Маллен апта башында Конгрессте көрсөтмө берген учурунда аскерий жетекчилик Ооганстан үчүн кошумча күч суроого даярданып жатканын ишара кылды:

-Генерал МакКристал кошумча кандай ресурс сурашы ыктымал экендигин мен билбейм. Машыктыруучудан тартып күжүрмөн бөлүктөргө чейин чынында канчалык санда талап кылынарын да мен билбейм. Биз баардык маалыматтарды алдыдагы апталарда алабыз. Бирок Ооганстандагы командачыбыздын көз караштарын уккандан кийин менин ишенимимде, козголоңчуларга каршы талаптагыдай ресурс менен аракеттенүү, балким, кошумча күч дегенди туюндурат.

Демократтар каршы


Сенаттын аскерий иштер боюнча комитетиндеги угуу учурунда анын төрагасы Карл Ливин (Carl Levin) Конгресстеги башка демократтар сыяктуу эле Ооганстанга кошумча аскер жиберүү идеясына кайрадан каршы чыкты. Анын айтымында, АКШ аскер жибергендин ордуна Ооганстандын өзүнүн коопсуздук күчтөрүн машыктырууну күчөтүүсү керек. Согуш талаасындагы кырдаал менен жакында жеринен таанышып келген демократ сенатор 2012-жылга карата Ооганстандын армиясын 240 миңге, ал эми полция күчтөрүн 160 миңге жеткирүү керек деп эсептейт. Бул АКШнын азыркы пландарына ылайык келет, бирок мөөнөтү жагынан бир жылга эрте.

Ооганстанга кошумча аскер жиберилишине Сенаттагы дагы бир таасирлүү демократ Диана Фенштейн (Diane Feinshtein) да каршы. Бул сенатор айымдын көз карашында, Ооганстандагы миссия түшүнүксүз жана АКШ менен анын НАТОдогу өнөктөштөрү өлкөнү демократиялык мамлекетке эч качан айланта албайт.

Кошумча аскер жөнүндөгү өтүнүчтөр Конгресстеги демократтардын айгышкан каршылыгына тушугарын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси (Nancy Pelosi) да эскерткен. Анын айтымында, Ооганстанда кошумча аскер жөнөтүү идеясына карата “Конгрессте да, өлкөнүн өзүндө да олуттуу колдоо жок.”

Коомдук пикир

СNN телеканалы 11-13 сентябрь күндөрү өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, ооган согушуна карата Америка коомчулугундагы каршылыктын деңгээли учурда соңку сегиз жылдан берки эң жогорку чекке чыккан. Сурамжылоо америкалыктардын 58%ы Ооганстандагы аскерий аркеттерди колдобой турганын, ал эми азыр да колдоп жаткандар 39%га түшкөнүн көргөздү. Сурамжылоо ошондой эле ооган согушуна колдоо катталган демократтар арасында эң аз -23%, ал эми республикачылар арасында жогору - 62% экенин аныктаган.

Республикачылар макул

Жогорудагы көрүнүш Вашигтондун өзүндөгү кырдаалды да чагылдырып тургансыйт. Таанымал жана таасирлүү республикачылар Ак үйдүн Ооганстан боюнча стратегиясын колдоп сүйлөшүп, Обаманы сынчыларга көңүл бурбоого чакырууда.

“Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун Вашингтондогу кабарчысы Хизер Махердин жазганына караганда, үнүн бийик чыгарган республикачылар арасында Обаманын шайлоодогу атаандашы - сенатор Жон Маккейн ( John MacCain) да бар.

Маккейн башка дагы эки партиялаш сенаторлор – Жозеф Либерман (Joseph Lieberman) жана Линдсей Грэхем (Lindsay Graham) менен “Wall Street Journal” басылмасынын 13-сентябрдагы санында биргелешип жарыяланган макалада Ооганстандагы согушту жеңүүгө болорун жана алдыдагы оор айларда президент менен бирге турушарын белгилешкен.

Ошол эле учурда республикачыл үч сенатор “Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын көбөйтүү жөнүндөгү чечим өлкөнүн өзүндө саясий жактан татаал болорун моюнга алышарын” кошумчалаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG