Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Милиция кызматкерлери оор кылмыштын бетин ачты


17-сентябрда саат 9-30да Москва РИИБне маалымат түшкөн. Анда Ак-Суу айылынын Чапаев көчөсүндөгү бир үйдүн кире беришинде бычактылып өлтүрүлгөн адамдардын сөөгү жатканы кабарланган. Милиция кызматкерлери ал жерге барганда 1980-жылы туулган М.Нартаевдин, 1962-жылы туулган М.Гагаринанын желкесинен бычакталган жансыз денеси табылган. 1953-жылы туулган Т.Матвиенко 2,3 метрлик электр өткөргүчү менен сыйыртмак салынып өлтүрүлгөн. Булардан тышкары ошол үйдүн короосунда денесинен ар кандай жаракат алган 30-35 жаштагы европа улутундагы эркек табылып, ал аймактык райондук ооруканага жеткирилген. ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен Чүй облустук жана Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө тобунун ыкчам жүргүзгөн аракетинде бул кылмышка шектүү делип Москва райунун 34 жаштагы тургуну кармалып, алгачкы көрсөтмөлөрдү берген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG