Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Бакыт Бешимов АКШда жүрөт


Жогорку Кеңештин СДП фракциясынын жетекчиси, депутат Бакыт Бешимов АКШдагы Жон Хопкинс Борбор Азия-Кавказ институтундагы жолугушууда кыргыз бийлигинин Орусиянын жашыруун кызматынын ыкмасына салып коркутуп-үркүтүүлөрүнүн айынан чет өлкөгө чыгып кеткенин билдирген. Бул маалыматты АКШдагы атын атабоону өтүнгөн Кыргызстандын жараны “Азаттыкка” кабарлады. Ал эми АКШнын Хелсинки корунун өкүлүнүн айтканына караганда, Б. Бешимов бул өлкөдөн саясий баш паанек сураганга ниеттенген. СДПнын атын атабоону өтүнгөн бир мүчөсүнүн билдиришинче, Б. Бешимов АКШда жашаган уулдарына барып, американын ооруканаларынын биринде дарыланмак.
"Азаттыктын" кабарчыларынын Бакыт Бешимовдун өзү менен байланышуу аракети азырынча ишке ашпай жатат. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG