Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

ЦРУнун мурдагы башчылары АКШ президентине кайрылышты


Борбордук чалгын кызматынын мурдагы жети жетекчиси президент Барак Обаманы террорчулукта шектелгендерди сурак алуу учурунда катаал мамиле жасалды деген фактылар боюнча иликтөөнү токтотууга чакырышты. Президентке жолдонгон кайрылууда андай тергөө ЦРУнун ишмердүүлүгүнө шек келтирүүсү мүмкүн экендиги айтылган.

ЦРУнун тергөөчүлөрүнө же контракт менен иштегендерге каршы кылмыш ишин козгоо зарыл же жок экендигин иликтеп көрүү үчүн атайын прокурор дайындалганын АКШнын Башкы прокурору Эрик Холдер өткөн айда жарыялаган.

Президент Обамага жолдонгон кат ээлеринин ырастоосунда, андай иликтөө мурдагы президент Жорж Буштун учурунда өткөрүлгөн жана укук бузуу контракт менен иштеген бир эле адамдын аракетинен табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG