Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Депутат район аттарын кыргызчалоо демилгесин козгоду


Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдырасаков “Азаттыкка” берген маегинде Бишкек шаарындагы төрт районду кыргыздын тарыхый аттары: Ала-Тоо, Эне-Сай, Теңир-Тоо, Алтай деп атоо керек деген пикирин билдирди. Ал ошондой эле кыргыз тилинин 20 жылыдыгына карата Жогорку Кеңеште, өкмөттө, бардык министрликтер менен мамлекеттик мекемелердеги жыйыналыштарды үч ай бою кыргыз тилинде өткөрүп, көрнөк-жарнактардын барын кыргызча жазуу зарылдыгын белгиледи. Парламенттеги “Ак жол” фракциясынан депутат Эрнест Акрамов болсо Бишкектеги райондордун атын азыркыдай эле калтырып, район аттарын которууга кетчүү каражаттарды балдар үйүнө, социалдык муктаждыктарга жумшоо керектигин айтты. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG