Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Глобалдык түйүн атомдук сыноонун белгилерин байкайт


Бул тууралуу Улуттар уюмундагы маалымат жыйынында Өзөктүк сынакка тыю салуу боюнча уюмдун башчысы Тибор Тот билдирди. Анын айтымында, жаңы атомдук бомба сыналганынын белгилерин байкоочу глобалдык түйүндө Иран, Израил жана өзөктүк куралы бар экени ырасталган баш держава бар. Ал эми атомдук жарылууларды текшерүү боюнча жаңы система 2000 жылдан башталган жана учурда мониторинг жүргүзүүчү 270 жайга ээ. Андай жайлардын саны алдыда 340ка жетээри күтүлүүдө. Өзөктүк жардырууларга мониторинг жүргүзүү боюнча жогорудагыдай эл аралык түйүн же ага катышкандар арасында Батыш өлкөлөрү өзөктүк куралган жетүүнү көздөп жатат деп шек санаган Иран жана өзөктүк арсеналга ээ деп эсептелген Израиль сындуу өлкөлөр бар экендиги тууралуу мурда көп кабарланчы эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG