Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Ош мэриясы ЮНЕСКО тынчсыздануусуна негиз жок деп эсептейт


Ош шаардык бийлигинен «Азаттыкка» маалымдашкандай, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине жакында киргизилген Сулайман-Тоонун этегиндеги фонтан кыйла жылдан бери иштебей турган. Учурда ал жаңыртылып, ошондой эле бул аймактагы сейил багын реконструкциялоо жумуштары кошо жүргүзүлүүдө. Мэрия өкүлү айрым эл аралык жана өкмөттүк уюмдардын экинчи Мекке аталган жайдын тегерегине жаңы фонтан курулуп жатат деген тынчсыздануусун четке какты.

Бирок ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы баш катчысы Жыпар Жекшееев Бишкектеги маалымат жыйынында Сулайман-Тоонун түбүнө шаар бийлиги жаңы фонтан куруп жаткандыгын, мындай аракет дүйнөлүк мураска айланган ыйык жайга олуттуу зыян келтирээрин билдирген. Ал эми Улуттук Илимдер Академиянын өкүлү Бакыт Аманбаеванын пикиринче, жогорудагыдай кошкөңүл мамиле болочокто Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун тизмесинен чийилип калышына себеп болушу ыктымал. (ATo)

XS
SM
MD
LG