Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Махмуд Аббас: Тынчтыкты көздөй жол жабылды


Палестин президенти Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын кайра жандандыруу боюнча соңку аракеттер оңунан чыкпай калды деген ойдо. Ал бул тууралуу ишемби күнү Каирде Египеттин президенти Хосни Мубарак менен кездешкен соң билдирди. “Менин ишенимимде жол азыр тосулуп калды. Эч мунаса жетишилбеди”, -деди Аббас кабарчыларга.

Ал жогорудагыдай сөздөрдү АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Жорж Митчелл аймакты кыдырып, палестин лидеринен тышкары Израилдин премьер- министри, Иорданиянын, Ливандын, Египеттин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бирок ушул жума күнү эч билдирүү жасабастан мекенине кайтып кеткенден кийин айтты.

XS
SM
MD
LG