Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Ажылык сапарга барчулар кыргыз кийимин кийишет


Бул туурасында Ош облус казысы Сүйүнбай Калыков Орозо Айт маалында жарыя кылды. Анын сөзүнө караганда, ажылыкка барган көпчүлүк мусулмандар Кыргызстандын улуттук эн-белгилери түшүрүлгөн формаларды кийишпейт экен. Ушул маселе былтыр муфтияттын ажылыкка арналган жыйынында көтөрүлүп, эрежени милдеттүү түрдө сактабаган ажы башчыларга чара көрүлөрү эскертилген. Канткен күндө да, аталган өлкөнү байырлаган башка улуттагы мусулмандар ыйык жайга Кыргызстандын эсебинен барып жатышкандан кийин, ал мамлекеттин талаптарын кыйшаюусуз аткарууга тийиш. Анткени менен жергиликтүү талдоочулардын пикиринде Кыргызстандын улуттук кийими Меке шартына ылайыксыз тигилген. Ошондой эле ага чегерилген эн-белгилер бир көргөн кишини суктандырууга жарабайт. Ошондуктан муфтият акчасын эмес сапатын ойлоп, формага өзгөртүүлөрдү кийирүүсү абзел. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG