Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Обама жана Х.Клинтон мусулмандарды куттукташты


Барак Обама мусулмандарга куттуктоону Орозо айт майрамына байланыштуу жолдоду. Ал Ак үй тараткан куттуктоосунда мусулмандардын бул майрамды утурлай битир-садага берүү салтына көңүл бурган. Ал эми Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон өзүнүн видео кайрылуусунда төмөнкүлөргө токтолду:

- Президент Обама Каирде айткандай, Кошмо Штаттар дүйнөдөгү мусулмандар менен мамиленин жаңы баскычын баштоого умтулууда. Бул мамиле өз ара кызыкчылыкка жана сый- урматка негизделет. Биз адамдардын ишеними аларды бөлгөндөн, көбүрөөк бириктирерин билебиз. Азыр Рамазан айы аяктап жаткан кезде,шериктештиктин күчү бизден кетпөөсүн жана келечекте бизге жалпы максаттарга – тынчтыкка, гүлдөп өнүгүүгө, стабилдүүлүккө жетүүдө жардам берүүсүн каалап кеткибиз келет.

АКШнын Мамлекеттик катчысы ошондой эле исламдын кайрымдуулук, өз ара жардам көргөзүү, боорукерлик кылуу өңдүү баалууктарын америкалыктар да бөлүшөөрүн жана алар америкалык маданиятка чоң салым кошконун белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG