Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Кыргызстандык укук коргоочулар Варшавага барат


Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” маалымдады. Кыргызстандык укук коргоочулар Польшанын борбору Варшавада өтө турган Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу уюштурган жыл сайын өтүүчү жыйынга катышып кайтышат. 29-сентябрдан 9-октябрга чейин созула турган жыйынга Кыргызстандан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен катар мамлекеттик кызматкерлер да катышмакчы. Мамлекеттик кызматкерлерди Акыйкатчы Турсунбек Акун жана Тышкы иштер министринин орун басары Бактыгүл Каламбекова баштап барышмакчы.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова аталган эл аралык жыйында кыйноолор, террорчулук жана жрандардын эркиндигинин корголушу жаатында доклады менен чыкмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG