Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Обама Израил жана палестин лидери менен жолугат


Барак Обаманын үч тараптуу жолугушуу өткөрүү боюнча сунушун Израил жана Палестина бүгүн кабыл алды. Ак үйдүн билдиргенине караганда, Нью-Йорктогу жолугушуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандырууга “негиз салуу” максатын көздөйт. АКШ президенти 22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясы учурунда Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху жана палестин лидери Махмуд Аббас менен оболу бөлөк-бөлөк жана анын соңунан эле үч тараптуу сүйлөшүү өткөрөт. Анда талашка түшүүчү борбордук маселе - Израилдин Иордандын Батыш жээгиндеги конуштары.

Үч тараптуу жыйын жөнүндө АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Жорж Митчелл өткөн аптада аймакта жөөт жана палестин лидерлери менен бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бирок мекенине эч кандай жаңы макулдашууларсыз кайткандан кийин жарыяланды.

XS
SM
MD
LG