Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Обама: “АКШнын чечими Орусияга байланыштуу эмес”


АКШнын Европада ракетадан коргонуу каражаттарын жайгаштырбоо тууралуу чечими Орусиянын туруму менен байланыштуу эмес. Бул тууралуу АКШнын президенти Барак Обама Си-Би-Эс сыналгысына курган маегинде айтты. 17-сентябрда АКШ президенти Барак Обама ракеталардан коргонуу жабдыктарын Чыгыш Европада жайгаштыруу планына түзөтүү киргизген. Ага ылайык, америкалык радарлар азырынча Чехия менен Польшада орнотулбай турган болду. Орусия АКШнын Польша менен Чехияда ракетадан коргонуу системасынын элементтерин жайгаштыруу планына караманча каршы болуп келген.

XS
SM
MD
LG