Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Ысыккөлдүктөр өлкө жетекчилигине кайрылды


Өткөн жумада парламент СДП мүчөсү К. Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыраткан.
Өткөн жумада парламент СДП мүчөсү К. Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыраткан.

Ысыккөлдүк коомдук-саясий ишмерлер Президентке, ЖК төрагасына жана Баш прокурорго депутат К. Кадыровго байланыштуу ишти токтотуу өтүнүчү менен кайрылуу жолдоду.

Мындай кайрылуу бийликке өткөн апта соңунда жолдонгонун “Азаттыкка” "Улуу биримдик" партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев билдирди. Кайрылуу ээлери өлкө башчысы мамлекетти жаңылоону ниеттенип жатканда Балыкчыда президенттик шайлоого тоскоолдук кылган делип айыпталып камалгандарды бошотууну, депутат Кубанычбек Кадыровго байланыштуу кылмыш ишин токтотууну өтүнүшкөн. “Азыркы бийликтин аракетин туура эмес деп эсептейбиз. Эл сизден адилеттүүлүктү жана калыстыкты күтүп жатат”,- деп айтылат кайрылууда.

Ага Кыргыз эл баатыры М. Мамакеев, жазуучу, коомдук ишмер К. Акматов, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери М. Намазбеков, М. Кидибаев, М.Балбаков, академик Д.Маматканов, Эл жазуучулары Б. Жакиев, Э. Турсунов, Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин ректору А. Ормушев, коомдук-саясий ишмерлер И. Абдыразаков, Ж. Сааданбеков, А. Абдылдаев, Т.Чынгышев, Э. Каптагаев, Э. Өмүралиев, М. Чолпонбаев жана башкалар кол коюшкан.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясы бул маселе мыйзамдын чегинде чечилүүсү керектигин, Балыкчы окуясына байланыштуу ишке сот гана чекит коерун билдирген.

23-июлда президенттик шайлоодо орун алган мыйзамсыздыктарга нааразылыгын билдирип, Балыкчы мамлекеттик администрациясына келген жерден 23 кишини милиция камакка алган. Алардын ичинен 19 кишиге президенттик шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш аламандык уюштурган деген айыптар тагылып, кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда Балыкчы шаарынын убактылуу кармоочу жайында 10 адам камакта жатат, ал эми эки адам ден соолугуна байланыштуу ооруканада, 19 адамдан жетөөсү тил кат менен жүрөт.

XS
SM
MD
LG