Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

БЭКтин саясий кеңешинин отуруму болду


Бириккен элдик кыймылынын саясий бюросу СДП менен “Ата Мекен” партиясынын бир партияга биригүү боюнча маселени жабык эшик артында карашты. Бул боюнча жети кишиден турган жумушчу топ түзүлө турган болду. Анын башчылыгына Өмүрбек Текебаевди БЭКтин башчысы Алмазбек Атамбаев сунуштады. Жумушчу топтун курамына Социал-демократтар партиясынан үч, “Ата Мекен” партиясынан үч өкүл, бирөөсү Азимбек Бекназаров кирмекчи. Ал эми БЭКтин жоболору, саясий куугунтук боюнча коюлган эки маселе каралган жок. Бул тууралуу БЭКтин отурумуна байкоо жүргүзүп келген “Азаттыктын” кабарчысы билдирди . (AJ)

XS
SM
MD
LG