Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Кадамжайлыктар Ош-Баткен жолун тосту


Бул тууралуу Кадамжай районунун тургуну Сайидкамал Эрмеков бүгүн түштөн кийин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кадамжай райондук акимчилигинин астына 500гө чукул адам облус бийлигинен мурдагы аким Асамидин Ташовду кайра райондун администрация башчылыгына дайындоого сунуш берүү же акимдин кызматтан кетүү себебин түшүндүрүп берүү талабы менен келишкен. Чогулгандар менен акимдин орун басары Айдарали Асамидинов эрте менен жолугуп, район акими президеттин буйругу менен дайындаларын айтып, элдин талабын губернаторго жеткизээрин билдирген.

“Кечке чейин айылдардан келген эл жана анча-мынча бийлик өкүлдөрү таркабай күтүп турушканы менен облустук бийликтен эч ким жолугушууга келбегендиктен Ош-Баткен жолун саат 16дан баштап тосуп турабыз” - дейт Сайидкамал Эрмеков. 18-сентябрда президенттин буйругу менен Кадамжай районунун акими Асамидин Ташов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. (JsA)

XS
SM
MD
LG