Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Губернаторго кадамжайлыктар талап коюшту


Талаптар аткарылбаса кадамжайлыктар кайра жол тосушат. “Азаттыктын” Баткендеги кабарчысынын маалыматына караганда нааразы тарап мурдагы аким Асамидин Ташовдун кызматтан алыныш себебин 23-сентябрга чейин түшүндүрүп берүүнү , аны кайра кызматына кайтарууну сунуштоону облус бийлигинен талап кылышты. Мындай талапты алар кечээки жолугушууда Баткен облустук ички иштер башкармасы Бакытбек Алымбеков аркылуу губернаторго айттырып, талап аткарылбаса шаршемби күнү кайра жол тосорун эскертишти. Кечээ Кадамжай районун мурдагы акими Асамидин Ташовдун тарапкерлери Баткен-Ош автожолун тосушкан. Ташов президенттин жардыгына ылайык башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу деген негиз менен 18-сентябрда кызматынан алынган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG