Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Бүгүн Балыкчы окуясы боюнча сот уланат


Бүгүн Балыкчы шаардык соту Балыкчы окуясы боюнча кылмыш ишин териштирүүнү улантып, кайрадан айыпкерлерди суроого киришет. Сот буга чейин бир айыпкерди жана жабырлануучулар тобун сурады. Балыкчы окуясы боюнча жалпысынан 19 киши 23-июлдагы шайлоодо баш аламандык уюштурду, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, шайлоого тоскоол болду деп айыпталууда. Алардын башында Жогорку Кенештин депутаты Кубанычбек Кадыров турган деп шектелүүдө. Анын кылмыш иши калган айыпкерлер менен чогуу каралышы мүмкүн. Бул тууралуу баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жума күнү депутат кол тийбестик укугунан ажыратылгандан кийин билдирди. Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүү 15-сентябрда башталган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG