Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:29

Гондурастын куулган лидери өлкөсүнө кайтып келди


Гондурастын убактылуу бийлиги төңкөрүш жолу менен өлкөдөн куулган президент Мануэл Селайянын күтүүсүз кайтып келишине байланыштуу коменданттык саат киргизди. Учурда Мануэл Селайя Бразилиянын Гондурастагы элчилигинде болгону кабарланууда. Селайя каршылаштары аны камакка алууга умтулса да, алар менен тынч диалогго даяр болгонун айтты. Маалыматтарга ылайык, элчиликтин алдына Селайянын миңдеген тарапкерлери чогулду. Парламент жана Жогорку кеңеш менен узакка созулган чатактын натыйжасында июндун аягында Гондурастын президенти Мануэл Селайя күч менен өлкөдөн чыгарылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG