Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:09

Жылыга мамлекеттик тил күнү белгиленет


Кыргызстанда жылыга 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнү белгиленет. Мындай жарлыкка президент Курманбек Бакиев бүгүн кол койду. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин конституциялык статусун чыңдоо, анын социалдык-коомдук маанисин жогорулатуу, ошондой эле кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн жана маданий-тарыхый мурастарын кеңири жайылтуу максатында, 23-сентябрь Кыргызстанда мамлекеттик тилинин жыл сайын белгиленүүчү Күнү катары белгиленди.
Ошондой эле өлкө башчысы кыргыз тили боюнча орфографиялык сөздүктү 5000 тираж менен чыгаруу үчүн президенттик кордон 800 миң сом бөлүп берди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG